9-ноябрда Гамбургдан Стамбулга келген туристтер Ортакёй районундагы жергиликтүү көчө тамактарын сынап көрүүнү чечишти. Уулануу белгилери пайда болгондон кийин медициналык жардамга кайрылышты.
Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу башында дарыгерлер "гастроэнтерит" диагнозун коюшканын, андан кийин үй-бүлөнү кайра мейманканага жибергенин билдирди. Учурда медициналык персоналдын аракеттери боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө. Бирок туристтердин абалы начарлап, алар кайра ооруканага жаткырылды. Алгач эки бала каза болду, андан кийин алардын энеси, ал эми бир нече күндөн кийин атасы.
Туристтердин өлүмүнүн себептери азырынча так эмес; тамак-аш менен уулануу же уулуу заттардын таасири боюнча версиялар каралууда.

Сүрөт: DW.
Окуяга байланыштуу 11 адам, анын ичинде көчө соодагерлери, үй-бүлө токтогон мейманкананын кызматкерлери жана мейманкананы зыянкечтерден тазалоо иштерин жүргүзгөн компаниянын кызматкерлери кармалды. Мейманкана толугу менен эвакуацияланды, анткени мурдагы эки конок да уулануу белгилери менен медициналык жардамга кайрылганы белгилүү.