Ал 8-декабрда, саат 13:00дө, УПСМ эки жеңил автоунааны жөө адамдардын өтмөгү алдында, Эркиндик проспектиси менен Чокморов көчөсүнүн кесилишинде эвакуациялаганын билдирди. Ошол учурда өтмөктүн жанында турган эки джип көңүлдөн тышта калган. Окуяны баяндаган окурмандын айтымында, экинчи эвакуатор бош болуп, джиптерди алып кетүүгө аракет кылбай чыгып кеткен.



