Каракол–Энилчек автожолунда кар көчкү түшүп, кыймыл убактылуу токтотулду

Ирэн Орлонская Жергиликтүү жаңылыктар
VK X OK WhatsApp Telegram
Каракол–Энилчек автожолунда кар көчкү түшүп, кыймыл убактылуу токтотулду

Көчкү алты жерден түшкөн


Ысык-Көл облусунда, Ак-Суу районунда Каракол–Энилчек автожолунда кар көчкү түшүп, натыйжада бул участокто кыймыл убактылуу токтотулду, деп билдирет Транспорт жана байланыш министрлиги.

Министрликтин маалыматына ылайык, көчкү алты ар кандай жерде 76-82 км аралыктагы жолдун участкаларында түшкөн. Окуя болгон жерде жолду тазалоо менен ДЭП №11дин адистери иш алып барууда.

Мындан тышкары, Чон-Ашуу ашуусунда да кар бороон байкалууда.

Окуяга байланыштуу министрлик тоо аймактарына сапар тартууну пландап жаткан айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоону жана учурдагы аба ырайын эске алууну катуу сунуштайт.

Сүрөт www
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Комментарий жазуу: