
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ОРВИ жана грипп менен ооруу 11,7% га төмөндөгөн.
2025-жылдын 50-аптасында (8-14-декабрь) 37 629 оорулуулук учурлары катталды, бул өткөн аптадагы 42 561 учурга салыштырганда 11,7% га аз. Ооругандардын 72,2% ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
15-декабрга карата республикада 526 мектеп инкубациялык мезгил учурунда онлайн окутуу форматына өттү.
Мындан тышкары, инкубациялык мезгилге байланыштуу 403 бала бакча убактылуу жабылды.
Эзил: Кабар