Эң жогорку оорулуулук деңгээли Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында катталды. Ооругандардын 63,7% дан ашыгы 14 жашка чейинки балдар.
Бул боюнча төмөнкү алдын алуу чаралары кабыл алынды:
- бардык медициналык мекемелерде беткап режимин киргизүү жана стационарларга кирүүгө чектөөлөр коюлду;
- балдар бакчаларында, мектептерде жана жогорку окуу жайларында дезинфекциялоо жана аба алмаштыруу чаралары күчөтүлдү;
- балдар арасында оорулуулукту мониторингдөө уюштурулду.
"Эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө жана туруктуу бойдон калууда. ОРВИ, грипп жана COVID-19 оорулуулугун мониторингдөө улантылууда", - деп кошумчалашты Министрликтен.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: 1obl.ru.