Граждандар жакынкы медициналык мекемелерде, мисалы, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда же жалпы практика борборлорунда текшерүүдөн өтө алышат. Эгер тесттин жыйынтыгы оң болсо, бейтаптарды кошумча текшерүүлөргө жана дарылоого жиберишет.
Мамлекеттик каржылоо В жана С гепатиттерин дарылоонун бардык зарыл аспектилерин, врачтардын кеңештерин, лабораториялык изилдөөлөрдү, вируска каршы дары-дармектерди жана терапиянын натыйжалуулугун мониторинг жүргүзүүнү камтыйт.
24 жаштан 65 жашка чейинки жарандар, ошондой эле вакцинацияланбаган адамдар В гепатитине каршы акысыз эмделе алышат.
"Вакцинация үч этапта жүргүзүлөт: биринчи доза вакцинация күнү, экинчи доза бир айдан кийин, үчүнчү доза алты айдан кийин берилет, бул узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылат," — деп белгилешти адистер.
- Программа өлкөнүн бардык аймактарында жеткиликтүү.
- Кошумча маалымат алуу үчүн +996 506 77 80 05 номерине чалсаңыз болот.
2024-жылдагы эпидемиологиялык изилдөөгө ылайык, өлкөдөгү хроникалуу В гепатитинин жайылышы 3,3% түзөт, ал эми С гепатитинин жайылышы 2,3% түзөт.
Изилдөөлөр В гепатитине каршы вакцинация 95% натыйжалуулукка ээ экенин көрсөтүүдө. Кыргызстанга келген вакциналар Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, милдеттүү сертификаттоодон жана коопсуздук стандарттарына ылайыктыгын текшерүүдөн өтөт.
Адистер ошондой эле Кыргызстанда колдонулган вакциналардын сапаты европалык стандарттарга жооп берерин белгилешти. Бардык компоненттер коопсуз жана токсиндерди камтыбайт, алар дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Сауд Аравиясы, Египет, Пакистан жана БАЭ сыяктуу ислам шариаты бар өлкөлөрдө колдонулат.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: med-cen-gcz-enakievo-r897.gosweb.gosuslugi.ru.