
Акыркы 24 сааттын ичинде Кыргызстанда 13 өрт окуясы катталды, деп билдирет КР Төтөнчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Чүй облусунда 3 өрт, Бишкекте – 2, Ош облусунда – 4 окуя, ал эми Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас жана Баткен облустарында бирден өрт катталды.
Өрттөрдү өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Айрыкча, борбордун Ленин районунда 63 чарчы метр аянттагы турак үйдүн чатыры күйүп кетти, өрттүн себеби учурда аныкталууда.