Бишкекте кайрадан суук күтүлүүдө. Температуранын төмөндөшү

Бишкекте кайрадан суук күтүлүүдө. Температуранын төмөндөшү

Синоптиктердин маалыматы боюнча, Кыргызстанда штормдук эскертүү жарыяланды: 16-19-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлүүдө.

Температуранын төмөндөшү күтүлүүдө:


Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл кутучасында түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2…+3°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндүк зонасында түнкүсүн 0…-5°, күндүз 1…6°, тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8°, күндүз -3…+2°;
Нарын облусунун айыл чарба зонасында жана тоолуу аймактарда түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7°;
Жогорку тоолуу аймактарда жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -8…-13°.

Туруксуз суук аба ырайы мал чарбачылык жана малды кышкы жайыттарда кармоону, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Интенсивдүү жаан-чачындар жолдордо көрүнүштү начарлатат, бул автотранспорттун кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн.


Кыргызстандын тоолуу автожолдорунан өтүүнү пландаган айдоочуларга КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайт:

штормдук эскертүүгө, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин аба ырайынын болжолуна көңүл буруңуз;
лавина коркунучтуу участкалардан өтүүдө автожолдордо транспорт каражаттарынын ортосунда 500 метр аралыкты так сактоо;
кышкы шина болушу зарыл;
аптечка, чынжыр, күрөк болушу керек.
Чукул кырдаалдарда "112" кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Кыргызстан боюнча аба ырайынын болжолу 14-18-декабрь


14-15-декабрда жаан-чачын жок. 14-декабрда Чүй облусунда айрым жерлерде туман. Жолдордо кар катмары, муз. Шамал батыштан 1-6 м/с.

16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймагында, Ош, Баткен облустарында айрым райондордо жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жок. Жолдордо кар катмары, муз. Шамал батыштан 4-9 м/с, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 м/с чейин күчөйт.

17-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым райондордо кар.

18-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында айрым жерлерде жаан-чачындар интенсивдүү. Жолдордо кар катмары, муз. Шамал батыштан 5-10 м/с, Ысык-Көл көлүнүн акваториясында 15-20 м/с чейин күчөйт.

19-20-декабрга болжолдуу аба ырайынын болжолу


19-20-декабрда туруксуз аба ырайы сакталат, кар жаашы мүмкүн. Аба температурасы кескин өзгөрбөйт.

Бишкекте 14-16-декабрга болжолдуу аба ырайы


14-декабрда жаан-чачын жок. Түнкүсүн туман болушу мүмкүн. Шамал батыштан 1-6 м/с. Күндүз аба температурасы +5...+7 °C, шамал батыштан 3-8 м/с.

15-декабрда жана 16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын жок. Күндүз аба температурасы +12...+14 °C, шамал батыштан 3-8 м/с.

16-декабрда күндүз жамгыр. Шамал батыштан 4-9 м/с, 16-декабрда 15-20 м/с чейин күчөйт. Температуранын төмөндөшү.

Ош шаарында 14-16-декабрга болжолдуу аба ырайы


14-16-декабрда жаан-чачын жок. Шамал батыштан 4-9 м/с.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent