
Кыргыз Республикасынын Төтөнчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү өрт коопсуздугу жана куткаруу операцияларынын абалы тууралуу жаңы маалыматтарды жарыялады.
Кирген маалыматтарга ылайык, кечээки күнү республика аймагында 5 өрт кырсыгы катталган, аларды жоюуга 5 өрт өчүрүү бригадасы тартылган:
- Ош облусу – 1;
- Чүй облусу – 2;
- Талас облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 1.
Куткаруу кызматтары ошондой эле 4 чакырууга чыгышкан.