Мамлекеттик жарандык коргоо системасы боюнча квалификацияны жогорулатуу

Юля Жергиликтүү жаңылыктар
VK X OK WhatsApp Telegram
Мамлекеттик жарандык коргоо системасы боюнча квалификацияны жогорулатуу


2014-жылдын 21-22-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо адистеринин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда айылдык аймактардын адистери үчүн Мамлекеттик жарандык коргоо системасы боюнча квалификацияны жогорулатуу боюнча сабактар өткөрүлдү.

Сабактар Мамлекеттик жарандык коргоо системасынын адистерин даярдоо жана кайра даярдоо планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргоо башчысы – Премьер-министр тарабынан бекитилген.
Окутуу учурунда окутуучулар Мамлекеттик жарандык коргоо системасы боюнча даярдык негиздери, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө презентациялык лекциялар окуду.
Окутуу процессинин аяктоосунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо адистеринин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окуу-методикалык бөлүмүнүн жетекчиси, подполковник Болот Шаршеналиев окуу процессин жыйынтыктап, мындан аркы өнүгүү жана иште ийгиликтерди каалап, борбордун сертификаттарын тапшырды.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир (1954), педагогика или докторлук (1999), профессор (1993) Кыргыз. Ош облусунун...

Комментарий жазуу: