Манас шаарындагы Азаттык аянтында жаңы жылдык шырша орнотулду.
Шаардык мэрия тарабынан берилген маалыматка ылайык, аянтты жасалгалоо үчүн шаардык бюджеттен 800 миң сом бөлүнгөн. Бул каражат шыршаны орнотууга, аны кооздоого жана шаардагы борбордук көчөлөрдү жасалгалоого жумшалган, - деп билдиришти муниципалитеттин өкүлдөрү.
Эскертүү керек, жаңы жылдык шыршанын каркасы 27 метр бийиктикте, ал беш жыл мурун сатып алынган.
