
Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматы кыймылдагы өзгөрүүлөр тууралуу билдирет
Маалымат кызматынын маалыматына ылайык, Каракол — Энилчек автожолунун 45тен 90 километрге чейинки бөлүгүндө унаалардын өтүшүнө чектөө киргизилген.
«Бул чечим Ак-Суй райондук мамлекеттик администрациясынын көрсөтмөсүнө ылайык, жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу максатында, кар көчкү түшүү жана жолдордо муз пайда болуу коркунучун эске алуу менен кабыл алынды», - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Министрлик алыс сапарга чыгып жаткан же тоолуу участктар менен ашуулардан өтүп жаткан айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого көңүл бурууга чакырат.
Сүрөт www