
Анын ордуна «заманбап фонтан» орнотулмакчы
Бишкекте, Дубовый парктын ичинде, 1956-жылы парктын ансамблин түзүү үчүн курулган тарыхый фонтан бузулду. Жергиликтүү тургундар бул тууралуу социалдык тармактарда билдиришти.
Шаардык бийликтен алынган алдын ала маалыматтар боюнча, эски фонтанын ордуна жаңы, заманбап фонтан орнотулат. Бузуу себептери эскирген инженердик тармактар болуп саналат.
Шаардык администрациянын өкүлдөрү жаңы фонтан заманбап суу айландыруу системасы жана жарык берүү менен жабдыларын билдиришти.
Эскерте кетсек, фонтан сүрөтчү Ольга Мануйлованын долбоору боюнча түзүлгөн жана сталиндик псевдоампир стилинде, чыгыш орнаментинин элементтери менен жасалган. Ал Дубовый парктын архитектуралык көрүнүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп, көп жылдар бою анын негизги визуалдык символдорунун бири болуп эсептелинген.
Сүрөт www