
Маданият министрлиги жатаканасы бар жаңы окуу жайды түзүү убадасын берди
Бишкектеги Куренкеев атындагы эски музыкалык окуу жайдын ордунда жаңы 8 кабаттуу имарат курула баштады.
Эски окуу жайдын имараты бузулду, ал эми курулуш жүрүп жаткан аймак тосулду.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы заманбап окуу жай Панфилова көчөсү 162 дарегинде курулат. Эски имараттын бузулушунун себеби анын техникалык абалынын канааттандырарлык эместиги, анын ичинде жүк көтөрүү конструкцияларынын олуттуу зыянга учурашы жана санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербеши болду.
Жаңы билим берүү мекемесинин жалпы аянты 13 600 квадрат метрди түзөт. Проектке окуу корпусу, 300 орундуу концерт залы, беш кичи концерт залы, конференц-зал, спорт комплекси жана 100 студентке арналган жатакана кирет.
Проектти ишке ашыруу үчүн стабилизациялык фонддон президент 750 миллион сом бөлдү. Объект 2026-жылдын 31-декабрына чейин пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.
Сүрөт www