Агасы берген маалыматка ылайык, Арсен ошол эле күнү саат 13:09 чамасында №22 орто мектептин имаратын таштап кеткен жана ошондон бери анын кайда экендиги белгисиз. Жоголуу тууралуу арыз Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын автоматташтырылган маалымат системасына катталган.

Бишкекте Даун синдрому бар жашы жете элек баланы издеп жатышат.
Белгилери: бойу 155–160 см чамасында, орто дене түзүлүшү, ачык сары чач.
Жоголгондо жашыл куртка, кара шым жана кара бут кийим кийип турган. Колунда сиви рюкзак бар эле.