Ленин районунан келген Жолдошбек Турдубаев Бишкектин аймагын административдик-территориялык реформа натыйжасында олуттуу кеңейткенине көңүл бурду. Анын айтымында, бул мэрия үчүн иштин көлөмүн кыйла көбөйттү.
Ал жаңы калктуу конуштарга байланыштуу маселелер менен алектенүүчү биринчи вице-мэрдин кызматын түзүүнү сунуштады. "Жер мыйзамдарын жана шаардык инфраструктуранын өзгөчөлүктөрүн жакшы билген адисти дайындаш керек," — деп белгиледи Турдубаев.
2024-жылы реформа натыйжасында Бишкекке төмөнкү калктуу конуштар кошулду:
- Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айылдык аймактары;
- Аламудун районунун Кок-Жар, Аламедин, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка, Маевка, Пригородное айылдык аймактары;
- Аламудун районунун Таш-Дебен айылдык аймагынан Орто-Сай айыл;
- Аламудун районунун Кара-Жыгач айылдык аймагынан "Анар-Бак" турак жай массиви жана контур № 544, 545, 552;
- Аламудун районунун Ак-Дебен айылдык аймагынан "Алтын-Казык" турак жай массиви;
- Сокулук районунун Ат-Башы айылдык аймагынан Ак-Жол айылынан контур № 177;
- Аламудун районунун Ленин айылдык аймагынан Мыкан айыл жана "Ак-Жар", "Нуркожо-Ата", "Адилет" турак жай массивдери.