
Кыргыз Республикасынын А. Изибаев атындагы мамлекеттик циркінде жаңы жылдык көрсөтүү болуп өттү, ага реабилитациялык мекемелерден, атайын мектептерден жана балдар бакчаларынан келген балдар катышты. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева катышуучуларга куттуктоо сөзүн айтты, бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы маалымдады.
Сөзүндө вице-мэр балдардын бекем ден соолугун жана жакшы маанайын тилеп, аларга кубаныч, көбүрөөк жылмаюу жана кыялдарын ишке ашырууну каалады.
Балдар үчүн "Оттуу аттын изинде" аттуу жаңы жылдык шоу даярдалды, аны цирктин чыгармачыл жамааты уюштурду.
Иш-чарага 12 атайын балдар бакчасынан, 3 жардамчы мектептен, 2 балдарга жардам берүү борборунан жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген 32 уюмдан 1400дөн ашык бала катышты. Ошондой эле, чакырылгандардын арасында жеңилдик категорияларына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары да болду.
Шоунун аяктагандан кийин бардык катышуучулар жаңы жылдык белектер алышты.