
Уюштуруучулардын максаттары глобалдаштырууга багытталган
Жогорку технологиялар паркынан билдиришкендей, CABXPO Bishkek 2025 көргөзмөсүнө америкалык инвесторлор жана компаниялар катышат. Экспозиция инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүүгө, бизнес байланыштарды бекемдөөгө жана эл аралык рынокторго кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.
«Көргөзмөгө катышуу акысыз. CABXPO борбордук Азиядагы ишкерлер, инвесторлор, стартаптар, компаниялар жана жаш адистер үчүн жолугушуу орду болот», — деп белгилешти уюштуруучулар.
Бул жылы америкалык катышуучуларга өзгөчө көңүл бурулат, бул көргөзмөнү эл аралык тармактык өз ара аракеттенүү жана глобалдык рынокторго чыгуу үчүн маанилүү аянтча кылат», — деп кошумчалашты Жогорку технологиялар паркында.
Сүрөт www