
25-октябрдан 29-октябрга чейин Янлинь шаарында айыл чарба тармагында 32-чы Кытай жогорку технологиялар жарманкеси өттү. Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин өкүлчүлүгү активдүү катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын стендинде бал, жаңгактар, кургатылган жемиштер жана таттуулар сыяктуу ар түрдүү айыл чарба продукциялары көрсөтүлдү. Бул иш-чарага катышуу өлкөнүн агрардык секторунун экспорттук потенциалын көрсөтүү жана кытайлык өнөктөштөр менен бизнес байланыштарды орнотуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болду.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Кытайдагы Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына катышып, айыл чарба продукцияларын илгерилетүү жана сатып алуу маселелери талкууланды.
Жыйында Кыргызстандын экспорттук потенциалы көрсөтүлүп, агрардык тармакта кызматташтыкты тереңдетүү үчүн мүмкүн болгон багыттар жана кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн Кытай жана ШОСтын башка өлкөлөрүнө жаңы рынокторго чыгуу перспективасы каралды.