
Мурда бийлик базарды көчүрүү чечимин кабыл алган
Токмакта мал базары жаңы заманбап көп функциялуу имараттар менен алмаштырылат. Бул тууралуу шаар мэри Алтынбек Эргешов жергиликтүү соодагерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
Мал базары жаңы, турак жайлардан жана негизги жолдордон алыс жайгашкан жерге көчүрүлөт. Бул чечим азыркы жайгашкан жери санитардык, ветеринардык жана шаар куруу стандарттарына жооп бербегендиги менен байланыштуу, деп кошумчалады чиновник.
«Азыркы учурда мал базарынын ээлеген участогу шаарды өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ. Биз инвестиция тартууну, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлорду да пландап жатабыз», - деди Эргешов.
Мындан тышкары, мурда президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов базардагы иштөө шарттарына сын айтып өткөн.
Сүрөт www