Жаңы документ бюджеттик система боюнча убактылуу бош финансылык ресурстар менен иштөө үчүн так механизмдерди жана шарттарды белгилейт. Ал Кыргызстандын Бюджеттик кодексинин нормаларына негизделген жана өлкөнүн финансылык саясатын оптимизациялоого багытталган.
Ошондой эле, өкмөт убактылуу бош каражаттарды коммерциялык банктарда жайгаштыруу боюнча бир нече мурдагы токтомдорду жокко чыгарды, атап айтканда:
- 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 токтом;
- 2023-жылдын 22-декабрындагы № 704 токтом;
- 2025-жылдын 27-январындагы № 41 токтом.
Кабинетте жаңы тартипти киргизүү мамлекеттик финансыларды башкарууда ачыктыкты жогорулатууга жана учурдагы нормаларды кайталоону жоюуга жардам берет деп белгилешти.
Бул токтом жети күндөн кийин күчүнө кирет.