Заявительдин айтымында, кыз романтикалык мамиледе болгон жигит менен жолугушууга чыгып, ошол убактан бери анын кайда экендиги белгисиз. Бул окуя Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат каттоо журналында катталган.
Бишкекте жигит менен жолугушуудан кийин дайынсыз жоголгон 24 жаштагы Аймээрим Акишова издөөдө.
Изделип жаткан кыздын белгилери:
- бою: 165тен 170 смге чейин;
- дене түзүлүшү арык;
- жүзү ачык;
- чачы сары түстө.
- кара свитер;
- розо-көк түстөгү спорттук штан;
- сары спорттук бут кийим.