Айдоочулардын айтымында, алардан парковка үчүн белгиленгенден жогору төлөм алынган.
Видеодо айдоочулар берилген квитанцияларда 50 сом көрсөтүлгөндүгүн, бирок автостоянка кызматкерлери ар бир унаадан 100 сом талап кылышканын билдиришет.
«Квитанцияда «50 сом» деп жазылган, ал эми сиздер 100 сом алып жатасыздар», - дейт айдоочулардын бири, чектин сүрөтүн көрсөтүп.
Жооп катары автостоянка кызматкери, күнү бою токтоп туруу үчүн 100 сом төлөө керектигин билдирди. Натыйжада айдоочулар менен парковка кызматкерлеринин ортосунда талаш-тартыш жаралды.
Бул боюнча Кара-Суу шаарынын мэри Ислам Эрмаматов комментарий берип, парковка жайлары жергиликтүү базарга ижарага берилгенин айтты.
«Негизги максат тартипти орнотуу жана унаа тыгындарын азайтуу болчу. Базар кызматкерлери бул участкаларды ижарага алуу боюнча өзүбүзгө кайрылышкан, тартипти уюштурууга жана тыгындарды кыскартууга убада беришкен. Ошондуктан биз парковка зоналарын ижарага бердик», - деп түшүндүрдү ал.
Өз кезегинде «Туратали» базарынын директорунун жардамчысы Мирлан Самиев, парковканын расмий баасы 50 сом экенин билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармактардагы видеолордо айрым кызматкерлер жеке ишкерлер катары 100 сом алып жаткандыгы көрсөтүлгөн.
«Унаа үчүн төлөм — 50 сом. 100 сом алып жаткандыктарын биз бүгүн видеолордон гана көрдүк. Бул факт боюнча биз милицияга кайрылдык, азыр иликтөө жүрүп жатат», - деди Самиев.
- Кара-Суу районунда Кыргызстандагы эң ири базарлардын бири жайгашкан, анда миңдеген соодагерлер иштешет. Кара-Суу шаарынын мэриясынын бюджетине автостоянкалардан ай сайын 300 миң сом чамасында каражат түшөт.