
Ведомствонун адистери курал-жарак жеткирүү боюнча келишим түзгөн компаниялардын бири өз милдеттерин аткарбаганын аныкташты. Каржы министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 244 миллион 587 миң 870 сомдук зыян аныкталды, бул болжол менен 2,7 миллион еврого тең.



УКМК билдиргендей, козголгон кылмыш ишинин алкагында жана жүргүзүлгөн оперативдүү-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, көрсөтүлгөн сумма толугу менен жеткирүүчү компания тарабынан кайтарылды.
Комитет кошумчалагандай, бул коррупциялык схемага байланыштуу Коргоо министрлигинин кызмат адамдарын аныктоо боюнча активдүү тергөө иштери улантылууда.