
349,7 миң евро суммасындагы келишим 2019-жылы «Таза суу» муниципалдык ишканасы менен ОсОО «П» арасында түзүлгөн. Келишим 6 миң суу эсептегичтерин жеткирүү жана орнотууну, ошондой эле монтаж, ишке киргизүү, текшерүү жана кабыл алуу актыларын түзүүнү камтыган.

Ошентсе да, текшерүү орнотулган эсептегичтердин көбү иштебей калганын көрсөткөн, ал эми 580ден ашык түзүлүш таптакыр жок болуп чыккан. Мындан тышкары, 4 миң метр полиэтилен түтүктөр 35 евро метр баасында сатып алынган, ал эми сатып алуу учурунда алардын чыныгы баасы 15 сомдун тегерегинде болгон. Кепилдик мөөнөтү аяктаган соң подрядчыга иштин аткарылышынын сапатын алдын ала текшербестен акча кайтарылган.
2022-жылдын башынан бери тургундар жаңы эсептөө системасын киргизүү пландарына карабастан, үйлөрдө жашаган адамдардын санына негизделип, эски схема боюнча суу кызматтарын төлөөнү улантышты.