
Чүй облусунун архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы «ЛАХОР СТИЛ МИЛС» компаниясынын ишмердүүлүгүн пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү, ал Шопоков шаарында, Первомайская көчөсү, 29А дарегинде жайгашкан.
Бул контролдоо учурунда олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды: даяр продукция үчүн 42×17 метр өлчөмүндөгү склад куруу жана литейный цехти реконструкциялоо зарыл болгон долбоордук жана уруксат документтерсиз жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, бул эле аймакта мурда текшерүү жүргүзүлгөндүгү жана ошондо да ушундай эле мыйзам бузуулар аныкталганы белгиленет.
Кыргыз Республикасынын «Курулуш жана архитектура жөнүндө» мыйзамына ылайык талаптарга жооп бербегендиктен, компанияга административдик чаралар колдонулуп, 400 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды. Айыппул белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүктөн, суммага пайыз кошулуп, жалпы карыз 800 миң сомго жетти.
Иш боюнча материалдар Сокулук райондук мажбурлап аткаруу бөлүмүнө (Сот аткаруучулары кызматы) өткөрүлдү. Мындан тышкары, регионалдык башкаруу мыйзамсыз курулган складды бузуу жана литейный цехтин ишин бардык зарыл уруксаттарды алганга чейин токтотуу боюнча сотко арыз берди.
Кыргыз Республикасынын курулуш министрлиги жарандарды жана уюмдарды курулуш нормаларын катуу сактоого жана курулуш иштерин баштоодон мурун бардык уруксат документтерин алууга чакырат.