
Акимияттар, Муниципалдык инспекция жана Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлгөн рейд натыйжасында, талап кылынган уруксатсыз жана дизайн кодексине жооп бербеген көптөгөн жарнама тактасы жана вывескалар жоюлду.
Первомай районунда Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» Кодексинин 107-беренесинин 3-4-бөлүмдөрү боюнча 7 протокол түзүлдү. Рейддин жыйынтыгында 120 жарнама конструкциясы демонтаждалды.
Жыл башынан сентябрь айына чейин жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы 3 278 мыйзамсыз орнотулган жарнама объектиси жоюлду.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Кодексинин 107 жана 179-беренелери боюнча 288 протокол түзүлүп, жалпы айыппулдардын суммасы 1 235 000 сомду түздү.