
Маалыматка ылайык, көргөзмө 1940-жылдардан тартып Кыргызстандын көз карандысыздык мезгилине чейин музейдин коллекциясынан сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде пейзаж кандайча көрсөтүлгөнүн көрсөтөт.
КНМИИнин сүрөтү
«Биз сүрөтчүлөрдүн Кыргызстанда пейзаж жанрын ар кандай тарыхый мезгилдерде жана контексттерде кандайча интерпретациялаганын талдоо үчүн беш ар кандай темага бөлүп уюштурдук. Бул талкууга заманбап сүрөтчүлөр да катышып, музей фондорунан алынган живопись жана графикага өз көз караштарын кошушат», — деп белгиленет билдирүүдө.
Живопись жана графикадан тышкары, көргөзмөдө урбанизация жана индустриализациянын кесепеттерине, айрыкча, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянга көңүл бурулган фотоработалар жана видеопроекттер сунушталат.