
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча иштерде көзөмөлдүн жаңы ыкмасы — электрондук браслеттер киргизилүүдө. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов социалдык тармактардагы аккаунтунда билдирди.
Быйыл январь айынан баштап коргоо ордерлери жаңыланган форматта колдонулуп, мобилдик көзөмөл жана электрондук мониторингди пайдаланууну камтыйт. Бул система GPS аркылуу байкоо жүргүзүүнү жана Face ID технологиясы аркылуу милдеттүү идентификацияны талап кылат.
Бишкектин Октябрь районунда өтүп жаткан пилоттук долбоордо электрондук мониторингге биринчи болуп 15 адам алынган, алардын үстүнөн коргоо ордерлери берилген. Көзөмөлдүн мөөнөтү 20 күндөн 3 айга чейин өзгөрүп турат.
«Мамлекет башчысынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, кийинки жумада электрондук мониторинг биринчи убактылуу коргоо ордерлерине дагы колдонулат. Келечекте биз бул практиканы борбордун башка райондоруна, андан кийин бүт Кыргызстанга жайылтууну пландап жатабыз», - деди ал.
Бул механизмди ишке ашыруу ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, Жогорку сот жана юстиция министрлигинин пробация департаменти менен кызматташтыкта жүргүзүлүүдө.
Министр электрондук мониторингди коргоо ордерлерин күчөтүү үчүн киргизүү боюнча мыйзам дебюрократизациялоо алкагында иштелип чыкканын жана 2025-жылдын октябрында президент тарабынан кол коюлганын белгиледи.