
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов жаңы жетекчилик келгенде уюмдарда көп учурда болуп жаткан массалык жумуштан бошотуу маселесин көтөрдү. Ал көп жылдар бою компанияда иштеген кызматкерлердин жумуштан бошотулуп жатканын белгилеп, мындай учурларда алардын укуктары кандай корголорун сурады.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов жарандардын Эмгекти коргоо кызматына кайрылган учурда, милдеттүү түрдө текшерүү жүргүзүлөрүн, анын жыйынтыгында буйрук чыгарыларын түшүндүрдү. Эгер жаран чечим менен макул эмес болсо, ал сотко кайрылса болот.
Досматовдун маалыматына ылайык, 2025-жылы Эмгекти коргоо кызматында жарандардын арыздары боюнча 1183 текшерүү жүргүзүлгөн.