
Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Бул роль өлкөнүн эл аралык имиджин бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана СПЕКА программасын өнүктүрүүгө салым кошууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Мындан тышкары, жыйындардын маанилүү жыйынтыгы СПЕКА фондунун эффективдүү башталышы үчүн зарыл болгон негизги документтердин кабыл алынышы болду, ал Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.
Маалымат
СПЕКА программасынын жетекчилик кеңеши жыл сайын программаны жалпы башкаруу, стратегиялык приоритеттерди аныктоо, иш планын бекитүү, отчетторду талдоо жана темалык топтордун иши боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн чогулат.