
Жакында Сочиде өтүүчү 37-эл аралык КВН командаларынын фестивалынын жыйынтыктары белгилүү болду.
Бул жылы КВНдин Жогорку лигасы 20 команда менен толукталды.
Мурда «Кыргызы РУДН» командасы Москва жана Москва облусунун Борбордук лигасында чемпион наамын утуп, шаарлар лигасынын финалисти болду.
Өткөн жылы Кыргызстандык катышуучулар Жогорку лигада жарым финалга жетишкен.
Команданын капитаны Куштарбек Кыялбек уулу.
Мындан тышкары, кыргызстандык Камилла Нуралиева КВНдеги жетишкендиктери үчүн «Эң мыкты актриса» номинациясында Ludens сыйлыгына ээ болду.