
Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын сүрөтү
Текшерүү учурунда балдардын тамактануусун уюштуруудагы кээ бир кемчиликтер аныкталды. Атап айтканда, берилген тамактар бекитилген менюга жооп бербегендиги, ошондой эле көзөмөл тамактары жана суткалык үлгүлөрдүн жоктугу байкалган.
Ошондой эле, билим берүү жана тарбия берүү процессин уюштурууда, педагогдордун даярдыгынын деңгээлинде кемчиликтер катталган.
Бала бакчанын жетекчилигине белгиленген бузулууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Билим берүү мекемелерин текшерүү иши улантылат.