Бул "Россия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлык январь айынын аягында кол коюлган. Анда сыйлык Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасы ортосундагы достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым үчүн берилгени белгиленет.

Алмамбет Матубраимов.
Сыйлык тапшыруу аземи 29-январда Москвадагы Россиянын Жарандык палатасында өттү.
Жалпысынан президенттин жарлыгы менен 180 Россия жараны, бир эмгек жамааты жана эки чет элдик жарандын эмгеги белгиленди.