
Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Кыргыз футбол союзуна (КФС) генеральдык катчы Медербек Сыдыков жана КФСтин техникалык директору Дайнис Казакевич Манас шаарында жайгашкан "Барселона" академиясына барышты.
Сапар учурунда алар академиянын жетекчилиги жана машыктыруучулар тобу менен жолугушуп, жаш футболчулардын даярдыгы боюнча маселелерди талкуулашты, ошондой эле гранттык негизде окуп жаткан оюнчулардын машыгуусун байкашты.
"Барселона" академиясынын КФС менен кызматташтыгы кыргызстандык футболчулардын жаңы муунун өнүктүрүүгө жана тарбиялоого багытталган, бул заманбап билим берүү методдору жана профессионалдык спорттун принциптерин айкалыштыруу аркылуу ишке ашырылууда.