
Маалыматка ылайык, фильм эл аралык калыстар тобунун Гран-приине, ошондой эле сынчылар жана Lyceen жогорку мектебинин калыстар тобунун сыйлыктарына ээ болду.

Фестиваль Азия кинофестивалдарынын ассоциациясы тарабынан Азия кинематографиясын илгерилетүү жана Везул шаарын популяризациялоо максатында уюштурулган.
«Курак» фильмдин жаратуучулары, көп учурда көңүл бурулбай калган аялдардын окуяларына үн берүүнү көздөшөт. Алар фильм искусствонун чыгармасы гана эмес, коомдогу өзгөрүүлөр үчүн стимул болот деп үмүттөнүшөт.