Негизги демилгелердин арасында төмөнкүлөрдү белгилеп өтсө болот:
- Манас аэропортунан Бишкек ЭЭЗине жана Ала-Арча суу сактагычынын жолун реконструкциялоо (узундугу 11 километр);
- Профсоюзная көчөсүндө Кустанай көчөсүнөн ГАИ постуна чейин айланып өтүүчү жолду куруу (8,5 километр);
- жаңы Ош базарына жана Батыш автовокзалына жол салуу (8,7 километр);
- Ош — Сары-Таш — Иркештам автожолун капиталдык оңдоо (61 километр);
- Жыргалан тоо-лыжа базасына (Aла-Тоо Резорт деп да белгилүү) жол долбоорлоо жана куруу;
- Бишкек — Ош трассасын оңдоо (45 километр);
- Чолпон-Ата айланасында жаңы төрт тилкелүү жол куруу (14,5 километр);
- Семеновка — Ак-Суу жана Григорьевка — Кол — Кашка-Суу участкаларын асфальттоо (жалпысынан 34 километр).
Мындан тышкары, Минтранс бир нече башка долбоорлор боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи, алардын арасында:
• Бишкектин Түндүк айланып өтүүчү жолу;
• Арашан — Чункурчак автожолу;
• Лебединовка — ГЭС-5 трассасы;
• Бишкек — Кант автожолу;
• Нарын — Баетово жолу;
• Бишкек — Кунтуу — Шопоков трассасы;
• Ала-Бука — Жаны-Базар — Кировка автожолу;
• Балыкчы — Боконбаево — Каракол жолу.