Ведомствонун маалыматына ылайык, 7-февралдан 9-февралга чейин күтүлүп жаткан жана түшкөн жаан-чачындар өлкөнүн тоолуу аймактарында лавиналардын түшүшүнө жана кар көчкөлөрүнүн пайда болушуна алып келет. Мындан тышкары, жолдордо кардын катмары жана муз пайда болушу күтүлүүдө.
Эң кооптуу жол участкалары:
- Бишкек – Ош трассасы: 121-138 километр (Тоо-Ашуу ашуусу), 198-255 километр (Ала-Бель ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Ала-Бука – Каныш-Кыя трассасы: 65-101 километр (Чапчыма ашуусу);
- Красная Горка – Ак-Таш трассасы: 0-3 километр;
- Мырза-Аке – Кара-Кульджа – Алайкуу трассасы: 65-110 километр;
- Каракол – Энильчек трассасы: 45-90 километр (Чон-Ашуу ашуусу).
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги лавина кооптуу участкалардан өтүүдө транспорт каражаттарынын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону катуу сунуштайт.