
Төтөнчө кырдаалдар министрлиги маанилүү эскертүү жасады
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 17-19-декабрында күтүлүп жаткан жаан-чачындар кар лавиналарынын түшүшүнө, кар тоңдуктарын пайда кылууга, ошондой эле тоолуу аймактардагы автожолдордо тайгактык пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
Лавиналардын түшүшү мүмкүн болгон белгилүү участкалар төмөнкүлөрдү камтыйт:
автожол Бишкек – Ош 121–138 чакырым (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198–255 чакырым (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
автожол Ала-Бука – Каныш-Кыя 68–74 жана 86–101 чакырым (Чапчыма ашуусу);
автожол Красная Горка – Ак-Таш 0–3 чакырым;
автожол Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу 65–110 чакырым;
автожол Каракол – Эңилчек 45–90 чакырым (Чоң-Ашуу ашуусу);
автожол Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад 326–349 чакырым (Көк-Арт ашуусу).
Маалыматта «Төтөнчө кырдаалдар министрлиги көрсөтүлгөн участкаларда унаалардын ортосунда 500 метрден кем эмес аралыкты сактоону сунуштайт» деп белгиленген.
Сүрөт МЧС