15-17-марттагы аба ырайы
Кыргызстанда 15-17-мартта суук болот
15-мартта туруксуз аба ырайы күтүлүүдө: аймактын көпчүлүк бөлүгүндө мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектери жана тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Айрым аймактарда интенситивдүү жаан-чачын күтүлүүдө. Жолдордо кар катмары, тайгактык жана кар көчкү болот. Шамал батыштан 4-9 м/с, айрым аймактарда 15-20 м/с чейин күчөйт.
15-16-мартта абанын температурасынын төмөндөшү күтүлүүдө:
Чүй өрөөнүндө:
түнү -5…-10
күндүз 0…-5
Талас өрөөнүндө:
түнү -6…-11
күндүз 0…-5
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндүк зонасында:
түнү 0…-5
күндүз 0…5
15-17-мартта Ысык-Көл облусунун айыл чарба зонасында:
түнү -3…-8
күндүз 0…+5
Нарын облусунун айыл чарба зонасында:
түнү -6…-11
күндүз -3…+2
Тоолуу аймактарда:
түнү -18…-23
күндүз -8…-13
Мындай туруксуз аба ырайы малды жайытта багуу жана кармоо, автоунаа транспорту, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
16-марттан 18-мартка чейин жаан-чачындын түшүшү жана күтүлүшү менен тоолуу аймактарда жана авто жолдордо кар көчкү, кар көчкү, кар катмары жана тайгактык көрүнүштөрү күтүлүүдө.
Бул жолдор жөнүндө сөз болуп жатат:
- Бишкек—Ош 121-138 км (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 км (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу 74-115 км,
- Ала-Бука—Жаңыбазар—Кировка 68-101 км (Чапчыма ашуусу),
- Кызыл Гора—Ак-Таш 1-4 км.
Авто жолдордо кар көчкү коркунучтуу участкалардан өтүүдө транспорттук каражаттардын ортосунда 500 метр аралыкты так сактоо керек.