Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы Бишкекте 20, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 билим берүү мекемеси куруу пландалууда.
Бул долбоордун алкагында министр Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев жана тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте социалдык объектилердин долбоорлору жана түштүк борборундагы келечектеги курулуш аянтчалары менен таанышып чыкты.
Пландалган объектилердин арасында:
- Озгур айылындагы С. Алымкулов атындагы № 33 орто мектепте 375 орундук кошумча имарат;
- Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкаруусунда Ж. Боконбаев атындагы мектепте 750 орундук кошумча окуу имараты;
- Курманжан Датка башкаруусунда 1000 орундук мектеп;
- Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкаруусунда 750 орундук билим берүү мекемеси;
- Толойкон айылдык аймагындагы Ак-Буура 2 жаңы конушунда 700 орундук жаңы мектеп;
- Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы Ишкаван айылында 700 орундук мектеп;
- Кызыл-Кыштак айылдык аймагында 500 орундук билим берүү мекемеси;
- Манас-Ата МТУдагы Барпы Алыкулов атындагы № 38 орто мектепте 500 орундук кошумча имарат;
- Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы Эне-Сай жаңы конушунда 1200 орундук жаңы мектеп;
- Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы Суроттуу-Таш айылында 500 орундук мектеп.
Министр бул объектилердин долбоордук документациясы жана курулуш аянтчалары менен таанышып, департамент жетекчилерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берди.