
Жол убактылуу өтүү үчүн жеткиликтүү эмес
Транспорт жана байланыш министрлиги билдиргендей, Ала-Бука – Жаны-Базар – Кировка автожолунун 93–101 километр аралыкта беш жерден кар көчкү түшкөн. Учурда түшкөн көчкүнүн көлөмүн баалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Көчкүнүн кесепеттерин жоюу жана жолду тазалоо үчүн «Жагалмай» компаниясынан төрт жүктөгүч тартылган. Тазалоо иштери башталды.
Мындан тышкары, 2023-жылдын 11-февралында, Чаткал районунун акими тарабынан жаратылыш кырсыктарынын начар шарттарына байланыштуу, бул участокто аба-ырайы жакшыра электе бардык түрдөгү транспорттун кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Сүрөт www