
Тунукта кар жаап жатат
Бүгүн, 13-февралда, саат 10:00дө Тоо-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучулар үчүн убактылуу чектөө алынып салынды.
Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, бул жол бөлүгүндө кар жаап жатат, бирок жол кызматкерлери үзгүлтүксүз иштеп жатышат.
Эскерте кетсек, Тоо-Ашуу ашуусунда Бишкек–Ош трассасында чоң жүк ташуучулар үчүн чектөөлөр 11-февралда саат 03:40та киргизилген.
Азыркы учурда өтүү ачылды жана жолду тазалоо процесси уланууда.
Сүрөт www