Мамлекетте жалпы 206 бош орун бар, алардын ичинен:
- 11 Бишкекте;
- 8 Ошто;
- 21 Чүй облусунда;
- 10 Нарын облусунда;
- 59 Ош облусунда;
- 20 Баткен облусунда;
- 11 Ысык-Көл облусунда;
- 9 Талас облусунда;
- 54 Жалал-Абад облусунда;
- 3 интернат мектептеринде.
Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-февралынан 26-февралына чейин, саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт.
Кошумча маалыматты билим сапатын өнүктүрүү департаментинен төмөнкү телефон номерлери аркылуу алсаңыз болот: 0503610150, 0550610150, 0551405057.
Конкурс беш жылдан ашык убакыттан бери өз кызматында иштеген директорлор бар окуу жайларында өткөрүлөт.