
Мэриядан билдиришкендей, 2025-жылы адрестик жардам 60 472 адамга 184 миллион 565,2 миң сом суммасында берилген. Салыштыруу үчүн, 2024-жылы жардам 58 805 адамга берилген, сумма 174 миллион 467,4 миң сомду түзгөн.
Шаардык кеңештин белгилөөсү боюнча, программа алкагында муктаж үй-бүлөлөр менен 130 социалдык контракт түзүлгөн, бул 19,5 миллион сомго бааланган. Ошондой эле, санариптик «Социалдык паспорттор» киргизилип, «SOS – Балдар айылдары Бишкек» фонду менен биргеликте энелерди балдары менен колдоо долбоору ишке ашырылган жана социалдык жардамга жетүүнү жеңилдетүү үчүн «Бирдиктүү терезе» принциби киргизилген.
Бишкекте билим берүү тармагында 2025-жылы 25 иштеп жаткан жана 7 жаңы бала бакча трансформацияланды, бул 4 500 баланы кошумча камтууга мүмкүнчүлүк берди. Жети мектепке чейинки мекеме муниципалдык менчикке өткөрүлдү, алардын бешөө райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башкаруусуна берилди, анда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, 25 мектепте билим берүү процессине санариптик технологияларды киргизүү алкагында интерактивдүү панелдер орнотулду. Окуу китептери менен камсыздоо кыргыз тилинде 76% жана орус тилинде 67% түзөт.
Республикалык тестирлөө натыйжаларына ылайык, 54 бүтүрүүчү алтын сертификаттарды алышты, алардын 38и Бишкектен, бул жалпы санынан 70% түзөт.
Шаардын бардык билим берүү мекемелеринде коопсуздук чаралары ишке ашырылды: «тревожные кнопки» жана жүздү таануу менен видеокөзөмөл камералары орнотулду, алар Бишкек ШИИБнин кырдаалдык борборуна туташтырылган.
«Жаш мугалимдердин депозиттик программасы» алкагында 6,5 миллион сом бөлүнүп, 49 педагог катышуучулар болуп калды.
Маданият тармагында 2025-жылы 5 444 маданий-массалык иш-чара өткөрүлүп, 902 миңден ашык шаар тургуну катышты. Маанилүү окуялардын арасында «Жаш таланттар» конкурсу, Эл аралык балдар фестивалы «Наристе», Үчүнчү Бишкек Дельфий оюндары, ошондой эле «Алга» спорт комплекси жана стадионунун ачылышы болду.
Физикалык культура жана спорт боюнча 2025-жылы 609 спорттук иш-чара өткөрүлдү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 92ге көп. Анын ичинен 197 иш-чара чемпионаттар жана эл аралык турнилерди түздү, ал эми 2024-жылы алардын саны 107 гана болгон.