
Баалар жана коштогон документтер текшерилип жатат
Бишкекте эт жана башка маанилүү азыктар боюнча бааларды контролдоо максатында рейддер башталды. Тийиштүү маалымат шаардык мэриядан берилди.
15-февралда муниципалитеттин кызматкерлери, райондук администрациялар, ошондой эле Антимонополия кызматынан, ветеринардык органдардан, салык кызматтарынан жана укук коргоо структураларынан өкүлдөр катышкан текшерүүлөр өткөрүлдү.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө саткандардан баалар гана текшерилип тим болбостон, товардын келип чыгышын жана сапатын тастыктаган документтердин болушу, санитардык нормалардын сакталуусу да бааланат.
Сүрөт www