
Бүгүн, 12:10да, Бишкек–Ош унаа жолунда Чычкан капчыгайында эки жерден кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.
Маалыматка караганда, «Сосновка» жана «Арал» көзөмөл-өткөрүү постторунда Бишкек–Ош трассасы боюнча бардык түрдөгү унаалар үчүн убактылуу кыймыл токтотулду.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метр, бийиктиги болсо 5 метрге жетет.
Жолду тазалоо менен №23 жол эксплуатациялоо ишканасы атайын техника колдонуп иштеп жатат. Тазалоо иштеринин жүрүшү уланууда.
Кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.