
Бишкектин Октябрь районунда, Малдыбаева, 159 дарегинде жайгашкан Ататүрк атындагы парктын аймагында тиешелүү уруксатсыз курулган имарат жоюлду. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттик органдар аралык жумушчу комиссиясы маселени карап чыгып, аталган объект үчүн курулуш иштерин жүргүзүү үчүн керектүү уруксат документтери алынбаганын аныктады.



Аныкталган мыйзам бузуу фактысына байланыштуу, ыйгарым укуктуу органдар имаратты жоюп, жер участогу өзүнүн баштапкы түрүнө кайтарылды.