
Министрликтин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, мурда ички иликтөө кызматынын орун басары болуп иштеген милициянын полковниги Мирлан Рыскелдиев эми бул бөлүмдү жетектейт.
Ички иштер министрлигинин сүрөтү. Мирлан Рыскелдиев
Кызматтын жетекчилигине мыйзамдуулукту камсыз кылуу, кызматкерлер арасында тартипти бекемдөө жана укук бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча натыйжалуулукту жогорулатуу сыяктуу негизги милдеттерди чечүү керек.