Бул маалыматты Turmush агенттигине Аламедин райондук мамлекеттик администрациясы берди.
«Бул күн жыл сайын Эне тилдин эл аралык күнү алкагында белгиленет жана тилдердин ар түрдүүлүгүн сактоо жана өнүктүрүү максатын көздөйт», — деп белгилешти уюштуруучүлөр.
Иш-чарада мугалимдер, окуучулар, жергиликтүү тургундар жана ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү катышып, өзүнүн эне тилдеринде музыкалык чыгармаларды жана ырларды аткарышты, ошондой эле көргөзмөлөрдү сунушташты.
Катышуучулардын арасында уйгур, кавказ, орус, өзбек жана түрк диаспоралары болду. Майрамдын коноктору Япония, Нигерия жана Конгодон келген волонтёрлор болду. Бирок Орозо айы менен чектешип калгандыктан, кээ бир диаспоралар катыша алган жок. Ошондой эле дүйнөдөгү элдердин тилдери боюнча викториналар өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө тилдин маданият жана эл үчүн мааниси, муундан муунга өткөрүлүп келген баалуулуктар, ошондой эле элдер ортосундагы достук жана ынтымак белгиленди.
Акырында, ар түрдүү диаспоралардын катышуучуларына Аламедин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын ыраазычылык каттары тапшырылды», — деп кошумчалашты билдирүүдө.
- 21-февраль — 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан Эне тилдин эл аралык күнү деп жарыяланган күн, ал 2000-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча тилдерди сактоо жана коргоо үчүн белгиленет.